В ролях
София Прибылых, Вячеслав Лавернов, Мария Кычкина, Петр Баснаев,Сандаарыйа Ноговицына, Павел Колесов и др.
2014-жылдын жай айларынын аягында, Якутиянын суук кышына жакындаганда, 4 жаштагы Карина өзүнүн үйүнөн чыгып, дайынсыз жок болуп кетет. Ал кичинекей айылда, учу-кыйыры көрүнбөгөн токойдун четинде жашачу. Жакындары, ыктыярчылар менен куткаруучулар жүздөгөн чакырымды чапчыган токойдун ичин тинтип издешет. Ал эми ошол учурда, кичинекей кыз бут кийимсиз, жылуу кийимсиз, күчүгү менен бирге чытырман токойдун арасынан өтүп, курт-кумурскалар жана коркунучтуу жырткычтардын арасында жүрөт. Изине түшкөн издөөчүлөр далилдерди табышса дагы, алардан майнап чыкпайт. Арадан 12 күн өтөт. Эң тажрыйбалуу куткаруучулар да Каринаны тирүү табуу үчүн үмүтүн жоготушат... "Карина" - жан дүйнөнүн күчүнө жана кереметке болгон ишеним жөнүндөгү чыныгы окуя.